Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 22.01.2015 16:44

Бүгүнкү күнгө карата Талас облусунда кызамык оорусунун белгиси менен катталгандар 42 адамга жетти

Turmush -  Талас облусунда кызамык оорусуна чалдыккан биринчи бейтап 8-январда катталган, деп билдирди облустук санэпид көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Дамира Алиева аймактык кабарчыга.

Бүгүн, 22-январга карата кызамык белгиси бар бейтаптарлын саны 42ге жетти. Азырынча Манас районунда гана ооруга чалдыккандар жок.

«Ал эми Кара-Буура районунда 20 адам, Бакай-Ата районунда 10, Талас районунда 7 жана Талас шаарында 5 адам катталды. Булардын ичинен 25 адам ооруканаларда, 17 адам амбулаториялык шартта дарыланууда», - деди Д.Алиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×