Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуКара-Буура району 23.02.2015 16:23

Депутат К.Бокоев Кара-Буура районунда селдин кесепетинен жабыркаган объектилердин абалы менен таанышты

Turmush -  Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев 21-февралда Талас областынын Кара-Буура районуна иш сапары менен барды.

Фракциянын катчылыгынан маалымдашкандай, иш сапарынын жүрүшүндө Кенжебек Бокоев 2015-жылдын 16-февралында селдин кесепетинен жабыркаган объектилердин абалы менен таанышып, жарандардын көйгөйлүү маселелерин угат.

Айта кетсек, селдин кесепетинен жабыркаган 13 үйдүн короосуна суу кирип, 5 үй Өзгөчө кырдаалдар министрилиги тарабынан каттоого алынган.

Ошондой эле, депутат Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылынын Ашым Калыбаев атындагы орто мектебинин абалы менен таанышып, мектептин эмгек жамааты менен пикип алышты.

К.Бокоев мындай жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин айтып, мектептин маселесин 2015-жылдын республикалык бюджетин талкуулоодо киргизүү зарылдыгын айтып, жеке көзөмөлүнө алаарын кошумчалады. Аманбаев айыл аймагындагы Ак-Жар айылынын Ашым Калыбаев атындагы орто мектебинин имараты өтө оор авариялык абалда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×