Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 10.03.2015 17:00

Талас районунда ат тээп, көзү агып түшүп калган бала кайрымдуулук жардамга муктаж

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын тургуну Сүймөнкул Молдобековго кайрымдуулук жардам көрсөтүү иштери уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында С.Молдобековду ат тээп, ошол замат бир көзү агып калган эле.

Ал эми бир көзүн сактап калууга анын ата-энеси белгилүү дарыгерлерге көрсөтүү менен алек болуп жүрүшөт. Мындай кырдаалда жалпы айыл тургундары кайдыгер карабай, акчалай жардамдарын көрсөтсө, 8-март аялдардын эл аралык майрамын утурлай «Көпүрө-Базар» балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулары жана эмгек жааматы айылдык маданият үйүнө кайрымдуулук концерт өткөрүп, андан тушкон 3 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын Сүймөнкулдун эсебине которуп беришти.

Эми мындан ары дагы мындай иштер уланат, деп билдирет «Көпүрө-Базар» балдар бакчасынын башчысы Отор Жаманкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×