Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу 16.03.2015 16:26

Талас областында билимин жогорлатуу боюнча 40 фельдшер жана 23 мед айым окутулду

Turmush -  Талас областында дарыгерлер жана мээрмандар билимин жогорлатуу үчүн Талас шаарында жайгашкан үй-бүлөлүк окуу борборунда окуп турушат. Бул тууралуу Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Аттокур Шадиев билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы «Үй-бүлөлүк медицинанын актуалдуу суроолору» семинарын 55 дарыгер, «Артериалдык гипертония» дистанциондук окутуу курсун 34 үй-бүлөлүк дарыгер, «Кургак учук менен ооруган бейтаптарды табуу жана алып баруу» семинарын 15 үй-бүлөлүк дарыгер өттү.

«Үй-бүлөлүк медицинанын актуалдуу суроолору» 90 мед айым, «Паллиативдик жардамдын негиздери» боюнча 45 мед айым жана «Кургак учук менен ооруган бейтаптарды табуу жана алып баруу» семинарларында область боюнча 40 фельдшер жана 23 мед айымдар окутулду, деп кошумчалады директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×