Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу 19.03.2015 12:16

Талас облусу боюнча ооруканаларда керебет орундуктар жетишпейт, - облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору

Turmush -  Талас облусу боюнча ооруканаларда бүгүнкү күндөжалпы 704 керебет орун иштейт, алардын саны 2013-жылы 701 болгон. Кара-Буура аймактык ооруканада 3 төрөт керебеттери кошулган.

Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан маалымдашкандай, облус боюнча керебеттин аткарылышы 79,3% (2013ж - 86.8%) түзгөн, керебеттин көбүрөөк аткарылышы Кара-Буура район аралык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасында 130,2% (2013ж.-123%), Талас облустук согуштун жана эмгектин ардагерлердин оорууканасында 98,1 (2013ж.-98,2).Талас аймактык ооруканада 66,7%га (2013ж.-71,7,3%), Манас жалпы дарыгерлер практика борборунда 76% (2013ж.-73,4%), Кара-Буура аймактык ооруканада 83% (2013ж.-83%), Талас облустук кургак учукка каршы борборунда 60% (2013ж.-81,9%) аткарылган.

Областтын калкын стационардык жактан Талас областтык биргелешкен ооруканасы, Талас областтык кургак учукка каршы күрөшүү борбору, Кара-Буура район аралык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасы, Эмгектин жана согуштун ардагерлер ооруканасы, 2 Жалпы дарыгерлер практика борбору жана 2 территориалдык ооруканасы тейлеп жатат.

Ооруканалардын дарыгерлер менен толукталышы мурдагыдай эле төмөн. Область боюнча стационарларга 10 реаниматолог, 6 неонатолог, хирург, травматолог, уролог жана башка дарыгерлер жетишпейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×