Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 24.03.2015 10:16

Таластан чыккан ЖК депутаттарынын арасындамөөнөтү бүтүп баратса дагы бир жолу басып келбегендер бар экени айтылды (фото)

Turmush -  Талас шаардык мэриясынын жыйын залында кечээ, 23-март күнү ЖК депутаттары Болот Сулайманкулов менен Кенжебек Бокоев жана Талас шаардык мэриясы, Талас шаардык кеңешинин жамааты шаардын жашоочулары менен жоолугушту, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анда шаардык кеңештин депутаттары жана жашоочулары тарабынан бир катар суроолор берилип, жооптор алынды. Мисалга алсак, мугалимдердин айлык маянасы, Талас облусунан чыккан депутаттардын саны, себеби шайлангандарына 5 жыл болуп, мөөнөтү бүтүп бара жатса да ал депутаттар кичи мекенине бир басып келбегени айтылды.

Мындан сырткары, шаардагы канализация жана башка маселелер айтылып, бирок алар шаар бийлигине гана тиешелүү экенин ЖК депутаты баса белгиледи.

А 1

А 2

А 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×