Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 12.05.2015 16:27

Талаc шаарында кызамык менен кызылчага каршы эмдөөнүн улуттук кампаниясы башталды (фото)

Turmush -  Талас шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кызамык менен кызылчага каршы эмдөө боюнча улуттук кампаниянын экинчи этабы башталды.

Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Аттокур Шадиев билдиргендей, эл аралык уюмдардын жардамы менен шаарга керектүү дары-дармектер жеткирилди.

Кампаниянын экинчи этабы 23-майга чейин улантылат. Анын алкагында шаарда жашаган 20 жашка чейинки жарандардын бардыгы эмдөөдөн өтүүгө чакырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×