Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 13.05.2015 13:47

Кызамык менен ооругандар көп катталган Талас районундагы эмдөө пункттарынын иши текшерилди

Turmush -  Талас районунда кызылча жана кызамык менен катталгандардын саны облустун башка аймактарына салыштырмалуу көп санда. Буга байланыштуу учурда эмдөө кампаниясынын кандай деңгээлде ишке ашып жатканын байкоо максатында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Элнура Боронбаева мектептерде, ФАПтарда башталган эмдөөнүн жүрүшү менен таанышып, районду кыдырды.

Эмдөө кампаниясы башталган күнү, тактап айтканда кечээ, 12-майда түшкө чейин раойндогу эмдөө топторунун алды 225, арты 100дөн ашуун адамды эмдөөдөн өткөрдү, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Эмдөөнүн жүрүшү менен таанышкан Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Элнура Боронбаева, райондун айыл аймактарындагы жергиликтүү бийлик, билим берүү тармагы ошондой эле медиктер биргеликте иш алып жатканы калк ден-соолугуна кам көрүүдө жакшы көрүнүш экендигин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×