Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 15.05.2015 15:38

Талас элинин 59% кызылча жана кызамыкка каршы эмдөөдөн өтүп калды

Turmush -  Талас облусунда 12-майда башталган кызылча жана кызамык оорусуна каршы эмдөө акциясы дале кызуу уланууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчы.

Бүгүнкү күнгө алынган маалыматтарга таянсак, жалпы облус боюнча 49 миң 736 жаран же калктын 59,4%ы эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн көрсөткүчтөрү боюнча район жана шаардагы маалыматтарына токтолсок, Талас шаарында 7677 же 55%, Талас районунда 11 миң 971 же 64%, Бакай-Ата районунда 10 миң 560 же болбосо 61% жаран эмдөөдөн өтсө, Кара-Буура районунда 12 миң 732 же 55,3%, ал эми Манас районунда 6796 же калктын 63,5%ы кызамык менен кызылчага каршы эмдөөдөн өтүштү.

Саламактыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү мындан сырткары, аймактарда жүрүп жаткан эмдөө иш-чарасы менен жеринде таанышып жүрүшөт.

Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагында жүрүп жаткан эмдөөдөн кабар алган кызматкерлер, мында талапка жооп бербеген айрым фактыларды аныкташып, катуу эскертүүлөрдү беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×