Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусуКара-Буура району 18.05.2015 08:50

Кара-Буурадагы Бакыян айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши биометриялык маалыматтарды идентификациялоо менен шайланды (фото)

Turmush -  Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңеши кечээ, 17-майда шайланды.

БШКнын чечими боюнча шайлоо процессинин моделдери толугу менен мөөрлөнүп, биометриялык маалыматтар боюнча идентификациялоо жүрүп, шайлоочулардын добушу автоматтык түрдө эсептелип, маалыматтар автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын жардамы менен берилди. Добуш берүүнүн жүрүшүн жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар көзөмөлдөп турду, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

БШКнын Талас облусу боюнча өкүлү Абылгазы Нусубалиев билдиргендей, апробациялоо (текшерип көрүү) негизинен ийгиликтүү өттү. Техникалык катачылыктарды тез калыбына келтирүүгө мүмкүн болуп, шайлоочулар да активдүү катышты.

Аталган айылдык кеңеште тизме боюнча 1985 шайлоочу бар болсо, анын ичинен 1590 жаран биометриялык каттоодон өткөн. Кеңештеги 11 депутаттын ордуна 30 талапкер чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×