Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу 22.05.2015 12:56

Таласта ар кандай себептерден үлгүрбөй калган жарандар үчүн 30-майга чейин эмдөөнүн мөөнөтү узартылды (фото)

Turmush -  Талас облусунда 12-майда башталган кызылча жана кызамык оорусуна каршы эмдөө акциясы дале жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

22-майга карата алынган маалыматтарга таянсак, жалпы облус боюнча калктын 93,4%ы эмдөөдөн өтүштү. Эмдөө боюнча район жана шаардагы көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй: Талас шаарында 88%, Талас районунда 96%, Бакай-Ата районунда 96,6% жаран эмдөөдөн өтсө, Кара-Буура районунда 91%, ал эми Манас районунда калктын 96,5%ы кызамык менен кызылчага каршы эмдөөдөнөтүштү.

Жалпы республика боюнча жүрүп жаткан эмдөө акциясында Талас облусу Нарындан кийинки эле кезекте келе жатат.

Эмдөө акциясына жалпы Талас эли активдүү катышты, ал эми кызылча жана кызамыкка каршы эмдөөдөн ар кандай себептерден улам өтүүгөүлгүрбөй калган жарандар үчүн 24-майдан 30-майга чейин да эмдөөнүн мөөнөтү узартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×