Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Талас облусу 11.06.2015 17:10

Республикада улуттук эмдөө боюнча Талас облусу эң биринчи орунда баратат

Turmush -  Талас облусунда кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө өз ишин 12-майдан 23-майга чейин улантып, учурда да эмдөө албай калган жарандарга эмдөө жүргүзүү медициналык мекемелерде уланууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Адистер белгилегендей, учурда эмдөөдөн өтүүсү зарыл болгон 83 миң 562 жарандын 99,2%ы кызылча жана кызамык ооруларына каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул көрсөткүч республикада улуттук эмдөө боюнча Талас облусу эң биринчи орунда баратат, дегенди түшүндүрөт. Ал эми эмдөө компаниясынын жүрүшүндө эмдөө топторуна жергиликтүү айыл аймак башчыларынын жана билим берүү мекемелеринин көмөгү да эмдөөнүн натыйжалуу болуусуна өбөлгө түзө алды, деп билдирди Талас облустук оорунун алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Жакып Айдаров.

Эмдөө үчүн келген вакциналар Индиянын Серум компаниясында өндүрүлгөн жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарына жооп берет. Ал эми калк арасында 279 жаран диний туура эмес түшүнүктөрдүн алкагында эмдөөдөн баш тартышкан.

Талас облусунун аймактарында 2015-жылдын январь айында 4 гана киши кызылча оорусуна шектелип катталса, бул айга шектелгендердин саны 551 кишиге жеткен.

Жакып Айдаров белгилегендей, учурда облустук медициналык мекемелерде 7000дөн ашык кызамыкка жана кызылчага каршы вакциналар бар. Андыктан каалоочулар жашына карабай келип эмдөөдөн өтүшсө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×