Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу 17.06.2015 16:07

Ө.Текебаев: Кумтөр менен Жерүйдүн тагдырын бүгүн чечпесек, тарыхтын жана кийнки урпактардын алдында кечиримсиз күнөө болот (фото)

Turmush -  «Ата Мекендин» Талас областтык XI партиялык конференциясы кечээ, 16-июнда болуп өттү. Бул тууралуу партиядан билдиришти.

Буга чейин Кыргызстандын ар бир дубанын түрө кыдырып, эл менен жолугуушуларды өткөрүп, кечээ жакында Бишкектеги 4 райондун активисттери менен шаардык партиялык конференциясын белгилеген эле.

Партия «Жерүй үчүн, эл үчүн, цианидсиз иштөө керек» деген ураан менен эми Талас жергесине алгылыктуу иш аракеттери менен келүүдө. Бул XI облустук партконфренцияга 3 миңге жакын адам катышты.

Иш-чаранын башталышында «Ата Мекен» фракциясынын жаңы делегаттарын куттуктоо менен бирге, Бекмолдо айыл аймагында орун алган Жерүй алтын кенинин көйгөйүн талкуулоо менен башталды. Андан соң депутат Болот Шер чогулган Талас элине Жерүй алтын кенинин айланасында болуп жаткан талаш-тартыш жөнүндө төмөнкүчө өз пикирин билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Жерүй алтын кенин иштетүүдө жаратылыштагы уулу заттардын бири «цианид» колдонулат. Бул заттын алтынды тазалоодогу кесепетинен айлана чөйрөгө, мөңгүлөргө, сууларга тийгизген зыяны абдан чоң. Андыктан, чет өлкөлүк окумуштуулар бул зыяндуу заттын ордуна Жерүй алтын кенин «жүгөрүнүн крахмалы» менен өндүрүп иштетсе болоорун сунушташууда.

Бирок, бул долбоорду ишке ашырууга Кыргыз өкмөтү колдоо көрсөтпөй жатканын баса белгиледи депутат. «Кыргызстандын жаратылыш байлыктары - эл үчүн иштеши керек. Бул байлыктарды туура иштетүү, пайдалануу муундан-муунга, укумдан-тукумга кала турган баа жеткис мурас болуп саналат. Арийне, Талас жеринин тургундары Жерүй алтын кенин иштетүүдө чет элдик инвесторлор өз кызыкчылыктарын гана ойлоп, байлыкка жетүүнү гана максат кылып атканын», - билдиришти.

Бул боюнча бир гана «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев атайын кайрылууларды жасап, Жерүй ЖАКсын «улутташтырууну» байма-бай айтып келээрин конференцияга келген Таластын жарандары айтып өтүштү.

Сөз кезегинде партия лидери Өмүрбек Текебаев: «Кыргызстандын ар бир атуулу өз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн аракет кылуусу анын атуулдук ыйык парызы, ал эми Жерүй алтын кенин иштетүүдө айрым чиновниктер, чет өлкөлүк инвесторлор менен биргеликте өз элине чыккынчылык саясат жасагандар бар», - деди.

Кыргызстандын дагы бир жаратылыш байлыктарынын бири Кумтөр алтын кенин ушу күнгө чейин кол жоолуктай пайдалангандары аз келгенсип, эми бул кендин тагдырына да кол салышууда, деди. «Мен Жерүй алтын кени боюнча «улутташтырууну» же «капитуляцияны» сунуштаган элем. Бул жерлерди иштетүүдө уулу зат колдонулуп, биздин ыйык тоолорбуз, мөңгүлөрүбүз зыянга учурап жатканы баарыбызга эле белгилүү. Алардын биздин жаратылышыбызга келтирген зыяны 5 миллиард долларды түзөт. «Ата Мекен» партиясынын символу-тоо жана мөңгү. Мөңгүнү талкалоо бул Ала-Тообузду талкалоо. Кумтөр менен Жерүйдүн тагдырын бүгүн чечпесек тарыхтын жана кийнки урпактарыбыздын алдында кечиримсиз күнөө болот», - деп билдирди Ө.Текебаев.

Борбордук стадиондо чогулган таластыктар Ө.Текебаевдин сөзүн колдоп, 4 айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү эл арасына чыгып «Таластын эли цианидке каршы!», «Ата Мекен» – эл менен! «Ата Мекен» намысты, дөөлөттү туу туткан, муундарыбыздын келечеги үчүн күрөшкөн партия!» деген сөздөр айтылып турду.

Бул облустук партиялык конфренцияга «Ата Мекен» фракциясынын депуттары, А.Сасыкбаева, Б.Калмаматов, мурдагы Талас областынын губернатору К.Курманалиева, мурунку Юстиция министри А.Шыкмаматов, шаардык, айылдык кеңештердин мүчөлөрү, активисттери жана башкалар катышышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×