Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 11.07.2015 12:11

Премьер-министр Т.Сариевдин Талас облусуна болгон иш сапарынан фоторепортаж

Turmush -  КРнын премьер-министри Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында алгач Жерүй алтын кенин иштетүү максатында мурунку компания тарабынан курулуп калган фабриканын абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Бүгүнкү күндө аталган заводдун 70%ы бүткөрүлүп калганы менен алтын кенин иштетүүгө тендерден утуп алган жаңы «Востокгеодобыча» компаниясы алтынды башка технологиялык нукта иштете турган болгондуктан курулуп калган заводдун аларга керексиз экендигин билдиришти. Өз кезегинде өкмөт башчы биргелешип курулуп калган заводду натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгына токтолду. Андан соң өкмөт башчы Сасык-Булак айылында чогулган эл менен жолугушуп, бир катар маанилуу маселелер: жол куруу, энергетика, мамлекеттик коопсуздук, алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолор туурасында калкка маалымат берди.

«Биздин негизги максат таза шайлоо өткөзүү. Элдин тандаган адамдарын шайлап берүү. Биометрикалык маалымат бул - таза шайлоо өткөзүүгө шарт түзөт. Ошондуктан, баарыңыздар биометрикалык маалыматыңыздарды өз учурунда тапшырып, шайлоого активдүү катышыңыздар. Шайлоо алдында келип, кооз сүйлөгөн адамдарга алданбай, алардын алдамчы сөздөрүн эске алуу менен татыктуулар үчүн добуш берели», - деп билдирди өкмөт башчы.

Т.Сариев өз сөзүндө өкмөт тарабынан өлкөнүн жолдорун ондоо, альтернативалык жолдорду куруу боюнча зор көлөмдөгү иштер жасалып жаткандыгын билдирди.

«Азыркы тапта сметалык баасы 900 млн долларлык түндүк менен түштүктү бириктирүүчү 450 чакырым жолдун курулушу башталды. 4 млрд сом облустардагы маанилуу болгон жолдорго бөлүнгөн, ошондой эле Кыргыз-кытай темир жолу жакында ишке берилет. Ал эми аймагыбыздагы Сусамыр Талас-Тараз жолунун 30 чакырымы быйылкы жылы бүткөрүлө турган болсо, калган 90 чакырымы 2016-жылы бүтөт. Энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү үчүн Камбар Ата ГЭСинин курулушунда кызуу иштер жүрүп жатат, ирригациялык абалды жакшыртуу үчүн ири каналдар, БСРлер жетишпейт, бирок тилекке каршы аны куруу үчүн мамлекеттин каражаты азырынча жетишсиз. Агрардык мамлекет болгонубуз менен өлкөнү, аймакты жалаң айыл-чарбасын которуу аркылуу мүмкүн эмес, башкысы өндүрүш ишканалары иштеши керек, ири долбоорлорду ишке ашырууга маммлекеттин чамасы жетпейт. Маалым болгондой, Талас облусу өзүн-өзү каржылай албайт, дотацияда отурат. Облустун бир жылдык тапкан кирешеси 589 млн сом болсо, чыгашасы 2 млрд 100 миң сомду түзөт. Бул тапканынан пайдаланганы 4 эсе көп дегенди билдирет. Андыктан Жеруй алтын кенин иштетүү зарыл», - деп белгиледи премьер министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×