Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 27.07.2015 12:37

Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда 1 бейтаптын тамак-ашы үчүн күнүнө болгону 65 сом бөлүнөт (фото)

Turmush -  Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борборунун бир жылдык бюджети 12 млн сомго жакын болсо, 600 миң сому гана дары алууга бөлүнөт. Мындай маалыматты Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы дарыгери Раимбек Ибрагимов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, дары каражаттары үчүн бөлүнгөн 600 миң сом бейтаптарды натыйжалуу дарылогоо өтө аздык кылат. Ошондой эле ар бир бейтаптын күнүмдүк тамак-ашына болгону 65 сомдон каралган.
1983-жылдан бери иштеп келе жаткан Талас облустук кургак учук ооруканасында 75 киши эмгектенет.
Аталган оорукана 70 орунга ылайыкталган. 40 бейтап — кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар, ал эми 30 бейтап жабык мүнөздөгү кургак учук менен жабыркагандар.

Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борборуна негизинен каржылык жардамды донордук уюмдар көргөзүшөт. Ал эми негизги дары-дармектер БУУнун өнүктүрүү программасы аркылуу алынып келинет. Өткөн жылы донорлордун жардамында 6 млн сомдук дары каражаттар алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×