Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 31.07.2015 10:53

Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан кетирүү сунушу айтылды

Turmush -  Талас районундагы Кууганды айылдык кеңештин депутаты Азис Курамаев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Жуманазаровду өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүн сунуштады. Мындай сунушту ал, Талас районунун акими Райкан Өзүбековду кызматтан четтетүү маселеси боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте өткөн отурумда билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Отурумда Жер-Үй алтын кени талкууга алынып, депутат А.Курамаев облус жетекчисине «Жер-Үйдөн экологиялык таза алтын чыгарууга кепилдик бере аласызбы?» деген суроо менен кайрылды. Б.Жуманазаров бул суроого так жооп бербегендиктен пикир келишпестиктер келип чыкты.

«Демек сиздер Талас облусунун жашоочуларынын каршылыгына карабастан Жер-Үйдү иштетүүгө макулсуздар. Кен казуу иши 20 жылга созула турганын билесиз», - деди ал облус жетекчисине кайрылып.

«Бул убакытта ал Таластагы айылдардын биринде эмес, өзүнүн небере-чеберелери менен кичи мекени Аксыда тынч жашоосун улантат. Эгер алтын кен жайында экологиялык, техногендик кырсыктар болсо бардык жоопкерчиликти мойнуна ала турган Таластын өзүнүн адистери жетиштүү», - деп кошумчалады А.Курамаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×