Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 07.08.2015 11:02

Талас шаарында КСДП партиясынын облустук конференциясы өттү (фото)

Turmush -  Талас облусуна КСДП партиясынын облустук конференциясына катышууга келишкен партия жетекчилери жана Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековдун иш сапары «Манас ордо» комплексине барып, зыярат жасоодон башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Талас облусунун ар кайсы райондорунан делегаттыкка шайланып келген КСДП партиясынын 250гө жакын мүчөсүнүн башын бириктирген облустук конференция Талас шаарынын А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде башталды. Конференциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, КСДПнын борбордук штабынын өкүлү Болот Отунбаев, Талас облусу боюнча координатору Гүлкан Молдобекова, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Рыскелди Момбеков, Самат Ибраев жана Гүлнара Садырова катышты. Конференцияга КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Рыскелди Момбеков төрагалык кылып, жыйындын жети адамдан турган президиуму шайланган соң конференциянын күн тартибинде КСДП партиясынын 5 жыл аралыгында аткарган ишмердүүлугү жана жакынкы аралыкта борбор калаада өтүүчү КСДП партиясынын 14-сьездине делегаттарды шайлоо маселелери добушка коюлуп, бекитилди.

Конференциянын жүрүшүндө жыйындын регламентине ылайык алгачкы сөз КСДП партиясынын 5 жыл аралыгында аткарган иштери тууралуу маалымат берүү үчүн партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго берилди. Ал сөзүнүн башында, мындан ары республикабыздын бардык региондорунда болуучу облустук конференцияларды Манас атабыздын рухуна таазим этүү менен алгач Талас облусунан башташкандыгын айтып, КСДП партиясынын 5 жыл аралыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн кошкон салымына токтолду.

Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков социал-демократтардын улуттар аралык ынтымакка кошкон салымы жана ар бир өлкө үчүн маанилүү жана пайдалуу кадамдарды жасоодо төрага катары фракциялаштарына таянып, эмгектенип келгенин кошумчалады.

Ошондой эле, жарыш сөзгө чыккан Талас районунун тургуну Тургунбек Итикеев акыркы беш жылдагы КСДП партиясы бийликтин партиясы катары, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чоң жоопкерчиликти мойнуна алды. Аны менен катар, аймактардагы партиянын тарапташтары дайыма ар тараптуу колдоого ээ болгондугун белгиледи.

Ал эми Кара-Буура районунун тургуну Анарбек Рысалиев КСДП партиясын калк дайыма колдоп келгенине токтолуп, партиядан чыккан бир катар лидерлердин өлкө үчүн жасаган эмгектери менен сыймыктанарын кошумчалады.

Мындан тышкары, жарыш сөзгө чыккан жарандар мурдагы шайлоодо КСДП партиясынан Талас облусунан бир да депутат шайланбай, акыркы беш жыл аралыгында Талас элинин көйгөйлөрү көз жаздымда калып калганын айтып даттанышты. Андыктан алар быйылкы шайлоода Таластын кыз-жигиттерин партиянын алдыңкы тизмесине киргизүү талабын коюшту.

Конференциянын күн тартибинде партиянын облустун аймактарындагы өкүлдөрүнүн сунуштамалары угулду. СДПК партиясынын 14-сьездине Талас облусунан жалпы 30 делегат шайланыш керек болсо, алар шайлоочулардын санына карата Талас, Кара-Буура райондорунан 8ден делегат, Талас шаары менен Манас районунан 4төн делегат, ал эми Бакай-Ата районунан 6 делегаттыкка талапкерлер сунушталып. көпчүлүктүн колдоосуна ээ болушту.

Конференциянын экинчи бөлүгү салтанаттуу уланып, КСДП партиясынын Талас облусундагы аймактык өкүлдөрүнө партия тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×