Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 28.01.2016 10:32

«Элдик уламыштар»: Таланттууларга бай Таластагы Ак-Жар айылы (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Долоно айыл аймагындагы Ак-Жар айылынын эли өнөргө бай келип, спорт менен машыгууну сүйүшөт.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, ак-жарлыктардын арасында тайганчы, саймачылар, уздар, кол өнөрчүлөр, спортчулар, саяпкерлер, ырчылар, бийчилер, зергер бумдарын жасап, комуз чапкан усталар көп.

Ак-Жар айылы Талас районунун түндүк-чыгыш бөлүгүнөн орун алып, Талас дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой айылынан 11 чакырым, Маймак темир жол бекетинен 126 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калкынын саны 1 миң 650 адамды түзөт.

2

Бул айылда жакынкы жылдары көптөгөн жаңы объектилер ишке берилген. Алардын катарында 2009-жылы ачылган күрөш залы, 2012-жылы 382 окуучуга ылайыкталып спорт залы менен курулган А.Султанбеков атындагы орто мектеп жана айылдын баш жагында жайгашкан «Каныкей апанын булагы» мемориалдык комплекси бар.

Ал эми 2014-жылы айылдын башынан аягына чейинки негизги көчө толук түрдө асфальтталып, 2015-жылы 14 млн 800 миң сомдук көпүрө курулган.

Айылдын аталышы тууралуу жергиликтүү аксакалдардын айтымында, айылдын сол тарабы Талас дарыясынын оң жээгине барып такалкандыктан дарыя жиреп кеткен жерлер жар болуп калган. Ал эми географиялык жайгашуусуна байланыштуу топурак катмары ак болгондуктан Ак-Жар деп айтылып калган.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×