Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуТалас району 01.02.2016 13:14

Элдик уламыштар: Таш айкелдер орун алган Таластын Бал-Бал айылынын тарыхы (фото)

Turmush -  Талас районунун Калба айыл аймагына караштуу Бал-Бал айылы 1928-1930-жылдары негизделген.

Айыл аксакалдарынын айтымында, айыл мурда Сегизинчи Март айылы деп аталчу. Анын себебин деле түшүнбөгөн айыл эли өздөрүнүн тарыхына, айылдын жайгашуусуна карата Бал-Бал айылы деп атап алышкан. Себеби айылдын жогорку бөлүгүндө көптөгөн балбал таштар табылган. Алардын көбүн Манас Ордого, Чүйгө жана башка жактарга изилдөөгө алып кетишкен.

«Бул таштардын бул жерде жайгашуусу ата-бабаларыбыздын ушул жерде жашап өткөнүн билгизет», - деп айтып беришти айыл эли.

Райондун борбору Көк-Ой айылынан 12 чакырым түштүк тарапта, Маймак темир жол бекетинен 122 чакырым аралыкта жайгашкан бул айыл Беш-Таш суусунун оң жээгинен орун алган.

Калкынын саны 1200дү түзөт. СССР учурунда Жергетал айыл кеңешине баш ийип, Береке кооперативдик бирикмесинин аймагында болгондугун айыл эли эскерип калат. Учурда бул аймакта тамеки жана кызылча өстүрүлөт.

Азыркы кезде айыл эли мал чарбасы жана дыйканчылык менен алектенет. Айылда орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинатынын бөлүмдөрү, мечит, спорт аянтчалары бар. Балбал таштар буркан таштар деп да аталып, Бал-Бал айылындагы балдарга ысым берүүдө бул ат колдонулуп келет. Айылда Бурхан аттуу балдар бар.

Балбал таштар (Буркан таштар) – байыркы жана орто кылымдарга таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер болуп саналат. Бийиктиги 0,5–4 метрди түзөт. Алардын көпчүлүгүнө адамдын айкели, кийим-кечесинин деталдары, канжары, кылычы же колуна кармаган чөйчөгү менен кошо чегилген. Чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган.

Балбалдардан көчмөндөрдүн антропологиясын, аскердик жашоо салтын, кийимдеринен көчмөндөрдүн этнографиясын байкоого болот. Айрым учурларда балбалдар жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Алгачкы балбалдар байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар ж. б.), көпчүлүгү VI-XIII кылымдарда кыргыз, огуз, кыпчак жана башка түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай балбалдар Кыргызстандын Талас, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүнөн көп табылган.

«Балбал» сөзүнүн маанисин чечмелөө үчүн бир катар окумуштуулар эмгектенишкен. Балбал сөзү - таш бетине түшүрүлгөн сүрөт эмес же душмандын образын берген айкел дагы эмес, ал жөн гана өлтүрүлгөн адамдын символун көрсөткөн, өзгөчө формага ээ эмес таш. Балбал таштардын жасалышындагы жалпы байкоолордун натыйжасында алар атайын тандалып алынган, киши түспөлүнө, келбетине жакын таштардан жасалган. Бул боюнча эки пикир жаралган. Алардын түзүлүшүн айрым окумуштуулар эки типке бөлүп карашат. Адамдын келбети толук түшүрүлгөн балбалдар жана адамдын башы жана бети гана түшүрүлгөн балбалдар.

Айылдан бир нече белгилүү инсандар чыккан.

Партиялык жана мамлекеттик ишмер Медетбеков Раимкан 1917-жылы Талас районунун Балбал айылында туулган. 1940-жылдан тарта КПСС мүчөсү аталган.

Ошондой эле бул айылдагы бир үй-бүлөдө спорттун 6 түрүнүн чемпиондору жашайт. Ал Б.Молдобаевдердин үй-бүлөсү. Б.Молдобаев 1972-жылы туулган. Кулатуу боюнча Кыргызстандын жана Евразиянын чемпиону жана спорт чебери. Чыгыш эл күрөшү боюнча кара курдун ээси. Спорттун джит-кун-до түрү боюнча машыгып келет.

Ал 1992-1995-жылы Кунг-Фу федерациясында улук машыктыруучу болуп иштеп баштаган. Ошол эле учурда коомдук иштерге активдүү катышып, «Жаныбек-Балбал» коомдук фондун, айылдын жаштар комитетин жетектеп келген. Ал Кыргызстандын курама командасында жүргөндө кулатуу боюнча Орто Азиядагы бардык мелдештерге катышкан. Бүгүнкү күндө 7 баланы тарбиялайт. Жубайы Гүлмира Бешкемпирова 32 жашында «Эң жаш баатыр эне» наамын алып, президент А.Атамбаевден белек алып келген.

Ар бир адам спорт менен машыгышы керек деген девиз менен жашаган бул үй-бүлөдө эң кенжесинен башкаларынын чемпиондор. Улуу кызы Зуаида КУУнун 3-курсунун студенти, кесиби боюнча адабиятчы. Көркөм окуу боюнча республикалык университеттер арасындагы сынакта 1-орунду, тил жөнүндө дилбаян жазууда 3-орунду ээлеген. Экинчи кызы Каным, ал КТМУнун 2-курсунун студенти.

Эркин күрөш боюнча машыгат. Талас шаардык жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу, Кыргызстанда өткөн эл аралык турнирлердин чемпиону. 2013-жылы өспүрүмдөр арасындагы Монголияда өткөн Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон. Казакстанда өткөн Евразия чемпионатында 3-орунга, 2014-жылы Тайландда өткөн Азия чемпионатында 4-орунга, 2015-жылы Мьянмада өткөн чемпионатта да байгелүү орунга ээ болгон.

Андан кийинки кызы Айым быйыл мектепти аяктап жатат. Эркин күрөш боюнча машыгат. Кыргызстандын биринчилигине болгон чемпионатта 3-орунду, Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде коло медалдын ээси болгон.

Андан кийинки уулу Аманбек 6-класста окуйт. 2014-жылы республикалык жаш манасчылар сынагынын баш байгесине ээ болгон. Күрөш менен машыгат. Кыргыз күрөш жана эркин күрөш боюнча Талас облусунун чемпиону. Манас айтууда көптөгөн сынактарга катышып, жакында ЮНЕСКОнун иш-чарасына жолдомо алган. Андан кийинки кызы Гүлжан, жаш өспүрүмдөр арасында чемпионаттарга катышып, байгелүү орундарды багынтууда. Ал да эркин күрөш менен машыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×