Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуБакай-Ата району 05.02.2016 11:06

Элдик уламыштар: Бакай-Атанын үйүр марал байырлаган Үрмарал айылынын тарыхы

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы Үрмарал айылы 1932-жылы айыл макамын алган.

Айыл райондун борбору болгон Бакай-Ата айылынан 8 чакырым чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 90 чакырым аралыкта жайгашып, Үрмарал суусунун боюнан орун алган. Калкынын саны 1 миңге жакын.

Айылда орто мектеп, китепкана бар. Айыл эли мал чарбасы жана дыйканчылык менен алектенет. Үрмарал айылы маданий жана тарыхый булактарга өтө бай айыл. Себеби айылдын аймагында СССР учурунда экономикасы өнүккөн ири Үрмарал колхозу болгон, мындан сырткары айылдын чыгыш бөлүгүндө Үрмарал шаары жайгашкан.

Айыл аксакалдарынын айтымында, бул аймакта мурун марал өтө көп болгон. Андан улам суунун эки өйүзүндө жашаган элдер айылды бириктирип, үйүр марал деп аташкан. Арадан жылдар өтүп, үйүр марал Үрмаралга айланган.

Айылдын түштүгүндөҮрмарал аска бетиндеги сүрөттөр – Талас Ала-Тоосунун тескейинде, Үрмарал суусунун жээгинде жайгашкан коло доорунан орто кылымга чейинки мезгилге таандык археологиялык эстелик.

Таштардын жана аскалардын жылмакай беттерине эчкилер, жылкылар, төөлөр, атка чегилген арабалар, дөңгөлөктөр, камандар, куштар, бугулардын сүрөттөрү тартылган. Алардын ичинен Камансуу коктусунда жайгашкан жалтыракташ сүрөт тобу айырмаланып, анда скиф дооруна таандык илбирстер, желек, жаа аткычтар, оор куралданган жоокерлер жана ажыдаар, ит-карышкыр сымал фантастикалык сүрөттөр тартылган.

Үрмарал аска бетиндеги сүрөттөр тууралуу эң алгачкы кабарды 1953-жылы Бишкек шаарындагы №10 орто мектебинин окуучусу В.Полесский билдирген. 1956-жылы аймак таануучу мугалим В.М.Гапоненко, 1985-86-жылы Кемеров унверситети менен Казак ИАнын Археологиялык институту биргелешип түзгөн экспедициясы тарабынан изилденген, деп айтышат айылдын тарыхын мыкты билген инсандар.

50

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×