Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуКара-Буура району 06.02.2016 15:02

Элдик уламыштар: Кара-Буура районунун Молдо-Асан айылынын тарыхы (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл аймагына караштуу Молдо-Асан айылы 1945-жылы негизделген.

Райондун борбору Кызыл-Адыр айылынан 26 чакырым батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 20 чакырым аралыкта жайгашкан. Калкынын саны 1700 адамды түзөт. Жергиликтүүлөр асыл тукум кой чарбасы жана дыйканчылык менен алектенет. Айылда орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, китепкана, маданият үйү, стадион, мечит жана башка коомдук жайлар бар.

Айыл аксакалдарынын айтымында, айыл мурда Жоон-Дөбө совхозунун аймагында болуп, ага баш ийген. Жийде аталышын Молдо Асан болуштун атына которуу сунушу Кыргызстан эгемендик алгандан кийин жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн.

Молдо Асан Жанкелди уулу 1815-жылы Жийде айылында туулган. Таластын Сары-Көбөн аймагындагы уруулардын башкармасы болгон. Уруусу кытай. Чоң атасы Текеш да баатыр адам болгон. Молдо Асан кыргыз элинин башка элдер менен достукта болушуна өз салымын кошкон. 1867-жылы кыргыз өкүлү катары Москвада өткөн россиялык император Александр IIнин инаугурациясына катышкан.

Кыргыз эли менен орус элинин байланышын күчөтүүгө өз салымын кошуп, 1874-жылы Чаткал өрөөнүндө Момун, Арыстан баштаган чоң көтөрүлүштү басуу үчүн Олуя-Ата уездинен жиберилген элчилердин эки жолку тобуна кирип, маселе ийгиликтүү чечилген. Жыйынтыгында көтөрүлүш басылган. Молдо Асандын тукуму Манас Акматбековдун айтымында, Молдо Асан 1889-жылы өзүнүн айылында каза болгон.

Ал каза болгондон кийин жакын тууганы Ташкара болуш болуп, өз элин башкарган. Элди чыр-чатаксыз жашоого үндөгөн, уюштургуч адам болгон. Элди адилет башкарып, достугун чыңдоо менен кадыр-барк топтогон. 1916-жылкы Үркүндө таластык кыргыздардын Кытайга качууга катышпай калышына чоң эмгек жумшаган.

Айылда күрөш боюнча машыга турган жаңы заманбап спорт залдын курулушу 2013-жылы айыл тургундары тарабынан башталган. 2014-жылы ал айыл өкмөттүн балансына өтүп, 2015-жылы түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүткөрүлгөн. Спорт залды курууга 2 миллион 695 миң сом жумшалып, ичинде бардык шарттар каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×