Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусу, Талас 10.02.2016 08:51

Элдик уламыш: Тургундары эмгекте баатырлык көрсөткөн Аманбаев айылы

Turmush -  Таласта 97 айыл-кыштак болсо анын бир гана айылында газ бар. Ал Аманбаев айыл аймагы. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылы 1870-жылы негизделген. Азыркы айыл турган аймакка  орус улутундагы келгиндер көчүп келип, айыл уюшулган. Бүгүнкү күндө ал учурга таандык имараттар сакталып калган.

Айыл райондун борбору Кызыл-Адыр айылынан 35 км батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 7 км түштүк тарапта жайгашат. Деңиз деңгээлинен 1050 метр бийиктикте турат. Күркүрөө суусу айылдын батышынан агып өтүп, Казакстан менен Кыргызстанды чектеп турат.

Айылда мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, маданият үйү, В.И.Ленинге, М.И Калининге, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналып тургузулган эстелик бар. Айылда Социалисттик эмгектин баатырлары Алдаберген Аманбаев, Төлөбек Аманбаев, Дмитрий Гребещенко туулган.

СССР учурунда бул аймак Россия колхозу болуп турган. Жетекчиси Токтогул Бабанов иштеп турган кезде миллионер колхоз аталган. Айылдын аты ал учурда Грозный болгон. Айылдын батышынан Күркүрөө суусу агып, дайыма чагылган болуп тургандыктан келгин орустар Грозный аташкан.

1976-жылы гана Аманбаев айылы аталган. Азыркы учурда да Грозный деп аташат. Айылдын Аманбаев аты кагаз иштеринде гана колдонулат. Калкынын саны 6100 адам.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Өмүрбек Бабанов жана Талас облусунун мурдагы губернатору Байымбет Мураталиев ушул айылда өскөн. Айылда кыргыз, казак, өзбек, орус, күрд, түрк жана башка улуттун өкүлдөрү жашайт. Жарандар дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенишет. Токтогул Бабановдун ысымы айылдын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылган. Орто мектеп Чыңгыз Айтматовдун ысымында.

Россия колхозунун өлкөгө аты чыгышына салым кошкон инсандар:

Алдаберген Аманбаев – 1927-1975-жылдары жашаган малчы. Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген малчысы. 1947-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин башкы чабан болуп иштеген. Мал чарбасын өнүктүрүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1970-жылы ар жүз тубар койдон 155 козу алып, чыгашасыз асыраган. Ар койдон 5,5 кг жүн кыркып алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Төлөбек Аманбаев - 1942-жылы туулган. Малчы, Социалисттик эмгектин баатыры. 1958-жылдан тартып Кара-Буура районунун Россия колхозунда чабан, башкы чабан кызматында иштеген. Мал чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1990-жылы ар жүз тубар койдон 182 козу алып, чыгашасыз асыраган. Ар койдон 5,5 кг жүн кыркып алган. СССР Жогорку Кеңешинин депутаты, Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл туу ордендери, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн коло, күмүш, алтын медалдары менен сыйланган.

Дмитрий Гребещенко – 1905-1980-жалдары жашаган. Тамеки өстүрүүчү. Социалисттик эмгектин баатыры. Кара-Буура районундагы Калинин атындагы колхоздун тамеки өстүрүү боюнча звено башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген звено 1949-жылы 10,6 гектар тилкенин ар бир ар гектарынан 21,9 центнерден түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×