Turmush — Кара-Буура районундагы А.Аманбаев айылынын 67 жаштагы тургуну Рыскул Бекболсунов бөдөнөлөрдү багып, жумурткаларын сатуудан тышкары темир станок иштетүү жана техникаларды кураштыруу менен алектенет.
Өзүнүн айтымында, бөдөнө багуу башка канаттууларга караганда жеңил жана кирешелүү. Бөдөнөлөрдү мындан 4 жыл мурун Бишкек шаарынан алып келген. Азыркы тапта жапон жана аргындашкан тукумдагы эт жана жумуртка багытындагы 200 бөдөнөнү багып жатат.
«Бөдөнө багуучу жайда алар үчүн керектүү шарттар түзүлгөн. Бөдөнө таза суу ичет, андыктан суусун улам алмаштырып туруу кажет. Мындан сырткары алар жайгашкан жердин температурасын көзөмөлдөп туруу керек. Үйгө келген алуучуларга бир жумуртканы 5 сомдон сатам. Азыр базарда бөдөнөнүн жумурткасы 7-8 сомго бааланууда. Бөдөнөнүн жумурткасы диеталык азык болгондуктан, адамдын организминдеги иммунитетти бир калыпта кармап турууга шарт түзөт. Жумуртка аркылуу илдеттин жугуп калуу коркунучу жок болгондуктан аны чийки боюнча да ичсе болот. Ошондой эле бөдөнөнүн жумурткасы адамдын эс-тутумун калыбына келтирип, тиштин жана чачтын түшүүсүн алдын алат», - деди ал.
Көп жылдан бери алма өстүрүү менен алектенип, темир устачылыкты да колго алган.
«Айыл тургундарына жардам берүү үчүн темир ширетүүчү жана башка станокторду иштетем. Жылына төө буурчактын түшүмүн жыйноочу комбайндарды чыгарабыз. Дыйканчылык менен да алектенип, короого мөмө-жемиштердин түрүн өстүрөм», - деди Бекболсунов.
Мындан тышкары баласы менен биргеликте ЮМЗ-70 үлгүсүндөгү тракторго чөп чабуучу комбайндын тетигин кураштырган.
«Буга чейин бул тажрыйбаны колдонуп, ишке ашырып келгем. Азыр оңдоп жатам. Техника алдыга жүрсө трактор, артты көздөй жүрсө комбайн болуп калат. Кураштыруу менен 10 жылдан бери алектенип келебиз. Трактор комбайнды жасап чыгууга айылда чөп чапкыч комбайндын аздыгы себеп болду. Бизде айдоо аянттары көп, бирок техника аз.
Кураштырылган техника 1 күндө 10 гектар аянтты чаап бүтүрөт. Күйүүчү жана майлоочу май да комбайнга салыштырмалуу аз коройт. Трактордун кабинасында 2 руль орун алган, бири комбайнга, экинчиси тракторго», - деди уста.