Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуМанас району 26.02.2016 16:05

Элдик уламыштар: Манас районунда журт башчылары топтолуп, кеңешкен жер — Кеңеш айылы (фото)

Turmush -  Талас облусуна караштуу Манас районундагы Кеңеш айылынын аталышы тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы жергиликтүү аксакалдардан маалымат алды. Бул аймак мындан бир нече жылдар мурун чоң шаар болгондуктан, эл башчылары ушул шаарга чогулуп, кеңеш курушкан, дешти айылдык аксакалдары.

«Биз кичинекей кезибизде айылдын ортосунда чоң дөбө, анын айланасында майда чуңкурлар бар эле. Баамыбызда алар зыңдан болсо керек. Айылдын атын Асылбай аттуу аксакал атаган. Айылды курчаган чептер да бар болчу. Алардын бары бузулуп, жок болду. Тоо этектеги жана Жон-Дөбөдөгү журтту көчүрүп келип, отурукташтыруу менен айыл 1920-1930-жылдардын ичинде негизделген», - деп эскеришти аксакалдар.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылы Талас–Тараз–Суусамыр унаа жолунун жана Талас суусунун боюнда жайгашкан. Калкынын саны 1500гө жетип, негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет.

Айылда 1 орто мектеп, 1 оюн талаасы, 1 мечит жана башка коомдук жайлар бар. Мектепке экс-президент Роза Отунбаеванын атасынын асымы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×