Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуТалас району 01.03.2016 11:45

Элдик уламыштар: Кар жааса да агарбаган өзгөчө касиети бар Таластын Кара-Ой айылы (фото)

Turmush -  Талас облусунун Кара-Ой айылы Талас районунун жогорку бөлүгүнөн орун алат. Райондун борбору Көк-Ой айылынан 47 чакырым, Маймак темир жол бекетинен 143 чакырым чыгыш тарапта, Талас дарыясынын башталышы болгон Үч-Кошой суусунун сол жээгинде жайгашкан.

Айыл 1924-жылы негизделген. Калкынын саны 2700. Айылда орто мектеп, бала бакча, фельдшердик акушердик пункт, китепкана, мечит жана стадион бар.

Кара-Ой деп аталып калуусунун себебин А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин директору Бактыгул Мүсүралиева түшүндүрүп берди.

«Айылдын түштүгүндө өмүрү кар жатпаган Кара-Ой бар. Биздин ата-бабалар ал жерге мал жайган, кышында кыштаган. Кыскасы баардык тиричилиги ошол жерде өткөндүктөн айылдын аты Кара-Ой аталган. Бүгүнкү күндө да ал жерге кар жааса дагы агарбайт. Бул жердин өзүнүн касиети бар», - дейт мектеп директору.

Айылда 1927-жылы ишке берилген Кара-Ой айылындагы Көк-Арык орто мектебинин имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен айылдын тарых музейи болуп ишке берилген.

Музейге алгачкы мугалим Бузурманкул Чойбековдун ысымы ыйгарылып, анда айылдын ардактуу инсандарынын өмүр таржымалы жазылып, сүрөттөрү менен илинген.
Музейде Көк-Арык орто мектебинин курулушуна өз салымдарын кошкон айыл тургундарынын, айылдын агартуу тармагынын алдыңкылары, айыл чарба мыктылары, окумуштуулардан белгилүү академик, Алтай Бөрүбаев баштаган илимдин докторлору Искендер Ибраимов, Турсунбек Мусуралиев, белгилүү акын-жазуучулардан Сүйүнбай Эралиев, Медетбек Сейталиев, Касым Каимов, Казакбай Абдышов, Мунур Мамбеталиев өндүү инсандар дагы Кара-Ой айылында билим алып, турмуштун узак жолуна аттанышкан. Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо тармагынын ишмерлеринин эл үчүн кылган эмгектери жазылып, музейден орун алган.

Ал эми Кара-Ой айылы эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанган акын Байдылда Сарногоевдин өмүр таржымалы, колдонгон буюмдары, жогорку билимин тастыктаган иш кагаздары, мамлекеттик бир катар сыйлыктары музейде сакталып турат. Көзүнүн тирүүсүндө Казак өлкөсүнүн «Алтын көпүрө» сыйлыгына ээ болуп, казак өлкөсүнүн улуттук кийими менен музейде сакталуу бойдон турат.

Байдылда Сарногоевдин калеминен үзүндүлөр:

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.

Мен киммин
Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.

Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам
Соодагер наспай ороп сатабы деп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×