Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуКара-Буура району 02.03.2016 12:32

Кара-Буура аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү биринчи жолу капиталдык оңдоодон өттү (фото)

Turmush -  Кара-Буура аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн имараты биринчи жолу капиталдык оңдоодон өттү. Имарат кечээ, 1-мартта кайрадан пайдаланууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Төрөт бөлүмдүн жетекчиси Кошалиева Тамаранын айтымында, капиталдык оңдоо иштерин Түркиянын агенттиги каржылап, 45 миң доллар сарпталды. Бөлүмдө мындан ары ысык жана муздак суу чыгарылат.

Маалыматка ылайык, оорукананын имараты 1974-жылы курулган.

3

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×