Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуТалас району 03.03.2016 11:23

Элдик уламыштар: Тоолоруна бадал өспөгөн Талас районунун Калба айылы (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылы 1949-жылы негизделген. Айыл Талас шаарынын түштүк-чыгышында, Калба суусунун сол өйүзүндө жайгашкан.

Райондун борбору Көк-Ой айылынан 24 чакырым, Маймак темир жол бекетинен 140 чакырым аралыкта жайгашкан. Калкынын саны 1500дөн ашуун. Убагында асыл тукум уй, кой багылып, кызылча, тамеки, буудай, арпа эгилген. Учурда айыл картошканын мекени болуп саналат. Талас облусунда картошканын түшүмүн эң көп жыйнаган ушул айыл болуп эсептелет.

Бул айылда картошканын түшүмүн ар гектардан 25-80, кээ бирлери 85 тоннага чейин алгандар да бар. Айыл Талас районунун башка айылдарына салыштырмалуу дөңсөдө жайгашкан. Калба айылында орто мектеп, фельдшердик акушердик пункт, китепкана, спорт зал, мечит, атмайдан, турмуш- тиричилик комбинатынын бөлүмчөлөрү бар. Бул айылдан Социалисттик эмгектин баатыры Гүлгаакы Байсабаева чыккан.

Айылдыктардын айтымында, Калба деген сөз «калбай калды» дегенди түшүндүрөт. Аайылдын түштүгүндө Жерге-Тал тоосу жайгашкан. Бул тоолор дайыма жылаңач болуп, бадал өскөн эмес.

«Ал эми андан кийинки Беш-Таш тоосу жашыл, тоолор да бадалдуу келет. Биздин айыл турган жер менен Жерге-Тал тоосу ушундай жылаңач.
Ошол себептүү Калба деп аталган», - дешет аксакалдар.

Башка уламыштарга ылайык, бул жер Манас баатырдын ат оюндарын өткөргөн аймак болгон деп эскерилет.

Бет маңдайында Кароол-Дөбө бар.Талас районундагы айылдардын 90%ы Калбанын дөңсөөсүнөн алаканга салгандай көрүнөт. «Манас» эпосунда да  ушундай эскерилген.

Башка айылдардын кире беришинен, суу жээктерден тал-теректерди көрүүгө болот. Ал эми Калбага 500 метр калганда жол жээкте өскөн талдар кездешпейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×