Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 17.03.2016 11:16

Козучак айылындагы оорукананын жатып дарылануу бөлүмү жабылды

Turmush -  Талас районундагы 3 айылдын элине кызмат кылган Козучак айылындагы №2 үй-бүлөлүк оорукананын жатып дарылануу бөлүмү жабылды. Андан улам бейтаптар Талас шаарына же районго барууга аргасыз болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мээрман айымы Анара Жунушалиева маалымдады.

Калктын саламаттыгына кам көргөн Козучак айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунда 4 кызматкер эмгектенет.

Оорукананын каттоосунда турган 1400дөн ашуун тургун негизинен кан басымы жогорулаганда жана аялдар көз жарган учурда кайрылат. Бирок аталган ооруканада жатып дарыланууга шарт жок болгондуктан, жатып дарылануу бөлүмү жабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×