Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуТалас району 19.03.2016 10:18

Элдик уламыш: Козулар багылган аймакка Козучак айылы түптөлгөн (фото)

Turmush -  Таластын Козучак айылы Беш-Таш жаратылыш сейил багынын кире беришинде жайгашып, ажайып кооздугу менен таанымал. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.

Айылдын Козучак деп аталып калышы дагы жөн жерден эмес. Айыл тургундарынын кээ бирлери Козучак деп аталып калышы кайсы бир инсандын ысымы менен байланыштуу дешсе, айрымдары Беш-Таш капчыгайынын ичиндеги Козучак кыштоосунун атынан улам аталып калган деп белгилешет.

Бирок айылдын аксакалы Кушчугул Жапаров айылдын аталышы тууралуу жогорудагы ой-пикирлерди четке кагат. Анын айтымында, азыркы айыл жайгашкан жер учурунда козу кайтарууга өтө ыңгайлуу жер болгон.

«Малчылар койлорун козулардан бөлүп, жайлоого алып чыкканда бул аймакка жайышкан. Айылдын орду козу жайганга ыңгайлуу жер болгондуктан айыл аксакалдары башка айылдарга барып калган учурда өздөрүн козу жайылып жүргөн жерден келдик деп тааныштырышкан. Андан улам Козучак айылы деп аталып калган экен», - деди айыл аксакалы.

Бир учурда козу жайганга өтө ынгайлуу жай катары колдонулуп келген аймакка айыл пайда болуп, көчөлөр курулган. Инфраструктурасын жакшыртуу аракеттери көрүлүп жаткан айылдагы 233 түтүндө 1747 адам жашайт. Козучак айылы деңиз деңгээлинен 1100-1200 метр бийиктикте, облустун борборунан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×