Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 04.04.2016 08:22

Элдик уламыш: Таластагы мурдагы Куру-Маймак айылынын аталышы кийин Сатыкей деп өзгөртүлгөн (фото)

Turmush -  Таластагы Сатыкей айылы Сатыкей баатырдын атынан аталган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын тургундары маалымдады.

Алардын маалыматына караганда, Сатыкей айылы мурда Куру-Маймак деп аталып келген. Куру-Маймак 1940-жылдары негизделген. Райондун борбору Кызыл-Адыр айылынан 38 км түштүк-батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 4 км алыстыкта жайгашкан. Айылдын Куру-Маймак аталып жүргөндүгүнө Маймак-Ата суусу Сулуу-Маймак айылын аралап өтүп, айылга суунун аз бөлүгү гана келип жеткендиги себеп болгон. Айылга суу аз келгендиктен Куру-Маймак деп аташкан, дешет айылдыктар.

Кийин айылдын аты Сатыкей деп өзгөртүлгөн. Себеби бул айылда жашагандардын басымдуу бөлүгү Сатыкей баатырдын урпактары болуп эсептелет. Сатыкей баатырдын эстелиги Күрп-Сай ГЭСинин жанына тургузулган.

Айыл эли негизинен мал чарба жана дыйканчылык менен эмгектенет. Айылда башталгыч мектеп, бала бакча, китепкана, фельдшердик-акушердик пункт, мечит, спорт талаасы, чек ара кызматынын бөлүгү жана башка коомдук жайлар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×