Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуТалас району 04.04.2016 09:20

Элдик уламыш: Эл башчылары кеңешкен аймакта Кеңеш айылы негизделген (фото)

Turmush -  Талас районундагы Кеңеш айылынын аталышы тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы жергиликтүү аксакалдардан маалымат алды.

Аксакалдардын айтымында, азыркы жашоочулар бул аймакка Совет бийлиги орногон кезде көчүп келген. Жергиликтүүлөр Совет бийлигинин аталышын кыргызчага которуп, Кеңеш өкмөтү деп атап жүрүп, алардын көрсөтмөсү менен жайгаша баштаган аймак Кеңеш айылы деп атала баштаган.

Аксакалдар буга катар эле аймак Совет бийлигине чейин эле Кеңеш деп аталып келген болушу мүмкүн экендигин белгилешти.

«Мурда Таластагы баатырлар, эл башчылары ушул аймакка чогулуп, кеңеш куруп турушкан деген да божомолдор бар. Ошондуктан Кеңеш аталып калышы да ыктымал», - деди алар.

Кеңеш айылы Талас–Тараз–Суусамыр унаа жолунун жана Талас суусунун боюнда жайгашкан. Айыл эли негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет.

Айылда 1 орто мектеп, 1 оюн талаасы, 1 мечит жана башка коомдук жайлар бар. Айыл 1931-жылы негизделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×