Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуБакай-Ата району 04.04.2016 09:32

Элдик уламыш: Теректерин кыюуга буйрук бергендер кырсыкка учурагандан кийин Бакай-Атадагы Боо-Терек мазары пайда болгон (фото, видео)

Turmush -  Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын батышында Боо-Терек мазары жайгашкан. Учурда булакты Эшалиев Сагынбек аттуу шайык көзөмөлгө алып келет.

Мазарга келип, тилек айтып жүргөн тургундардын айткан уламышына ылайык, аталган булак Боотерек деген адамдын атынан улам коюлган.

«Боотерек – олуя адам болгон. Ал ушул жерде жашаган. Бою 5 метр, туурасы 1,5 метр, салмагы болжол менен эки тоннага жакын болгон. Боотеректин Адамия ата, Калпа ата, Бозтектир ата, Бостун булак ата, Баба ата менен Бача ата деген агалары болуп, алардын мазарлары Чаткалда жайгашкан. Боотерек ата ушул жерде каза болуп, сөөгү ушул жерге коюлган. Боотерек атанын мүрзөсүнө жакын жерде өзү өсүп чыккан терекке эл зыярат кылып баштап, бара-бара бул жер мазар болуп калган.

Кийин СССРдин убагында орус улутундагы киши ал теректи кыйган. Теректи кыйганга буйрук берген адамдын эки баласы каза болуп, өзү акылынан айнып калган деген маалыматтарды угуп жүрөбүз», - дешти тургундар.

Ал эми кээ бир жергиликтүү жашоочулар түрк улутундагы тургун кой жайып жүрүп, бактын бир бутагын кесип алганда кан акканын айтышат. Ал киши коркуп, айылына барып түлөө берген, ошол күндөн тартып мазарга эл көп келе баштаган.

«Бул ыйык жердин архитектурасы кызык. Анын архитектуралык композициясы дээрлик «Манас» күмбөзүнө окшош. Боо-Терек булагы Тараз–Талас–Суусамыр жолунун боюнда жайгашкан. Мазарга жакын жолдун эки жагындагы булактардан чыккан суулардын даамы бири-бирине окшошпойт, түсү да башкача», - деген пикирлер айтылат.

Зыяратка келгендерди жана мазарды сүрөткө тартууга уруксат берилбейт.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×