Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуКара-Буура району 15.04.2016 08:05

Элдик уламыштар: Сууга бай Суулу-Маймак айылы (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Суулу-Маймак айылы «Маймак» темир жол станциясынан 13 км алыстыкта жайгашып, 2500гө жакын адам жашайт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.

Маалыматка караганда, айылдын эли негизинен мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет. Айылда орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, китепкана бар. Бул айылда Социалистик эмгектин баатырлары Алдаберген Аманбаев менен Төлөбек Аманбаев туулган. Суулу-Маймак айылы 1940-жылы түзүлгөн.

«Айылдын аталышы айылдын жогорку жагындагы Маймак суусуна барып такалат. Анткени Маймак суусу айылдын бардык бөлүгүн аз-аздан аралап өтөт. Куру-Маймак айылына салыштырмалуу бул айылда суу көп болгондуктан Суулу-Маймак айылы деп аталып калган», - дешет айылдыктар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×