Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуМанас району 16.04.2016 11:42

Элдик уламыш: Манастагы май дөбөдөн улам аты калган айыл (фото)

Turmush -  Талас облусунун Манас районундагы Май айылы деңиз деңгээлинен 626 метр бийиктикте жайгашкан. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы айыл тургундарынан айылдын аталыш таржымалын укту.

«Айылдын аталышы айылдын жогорку жагындагы май дөбөдөн улам коюлган. Эл жаңы отурукташып баштаган мезгилде бул аймак саздак болуп, жердин бетин ар кандай өңдөгү май суулар каптап турган экен. Ошол себептен Май айылы деп аталса керек.

Ал эми башка маалыматтар боюнча, айылга жакын жерде май куюучу станция жайгашканы айтылат. Ал жерден көптөгөн техникалар май менен камсыз болуп турган экен. Ошондуктан Май айылы деп аталган деген божомолдор бар», - дешет айылдыктар.

Айыл 1936-жылы негизделген. Эли негизинен дыйкан чарбасы менен эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×