Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуБакай-Ата району 23.04.2016 15:48

Элдик уламыш: Манас баатырдын сөөгү коюлган деп божомолдонгон Нылды-Ата мазарындагы Көз-Булак булагы (фото, видео)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынан 7 чакырым алыстыкта Нылды-Ата мазар комплекси жайгашкан. Комплекстен ыйык деп саналган жайларды, булактарды кездештирүүгө болот. Алардын жалпы саны 23тү түзөт.

Мындай булактардын бири – Көз-Булак. Кээ бирлер бул булакты Казан деп да аташат. Булактын тереңдиги 1 метр. Анын суусу бир топ метр агып барып, андан кийин жардан ылдый агат. Дал ушул жер Шаркыратма деп аталат. Шаркыратманын бийиктиги 5 метрди түзөт. Эгер үстүртөн карасак, булак адамдын көзүн элестетет. Ошол эле убакта казандын да элесин берет. Айрым учурда булактын суусу бөксөрүп, кайра толгону байкалат. Аталган булак 1930-жылга чейин атайын кароолчулар тарабынан каралып турса, кийин кароосуз калган. 1988-жылдан бери Өзгөрүш айылынын молдосу Жеңиш Кудакеев аны кароого алып, булактын кароолчусу аталып келет.

70 жаштагы аксакалдын айтымында, ал Көз-Булакты кайрадан ачып жандандырган.

«Мен 15-16 жашта экенимде түшүмө ак сакалдуу карыя кирип, бир жерди көргөздү да, "ушул жерде булак бар, анын көзүн ач" деди. Эртеси күнү ошол түштү кайра көрдүм. Мен бул тууралуу апама айтсам, "кара күчтөр ушинтип азгыра берет" деп койду. Түндө ошол аксакал түшүмө кайра кирип, бир жакка мени ээрчитип жөнөдү. Эртеси жумуштан келгенде түшүмө кирген аксакалдын элеси пайда болду. Мен аны ээрчип жөнөдүм, акыры булактын ордуна жеттим. Көзүн ачып, тазаладым. Бирок ал жерди 1988-жылдан баштап гана коргоого алдым.

Намаз окуп, Нылды-Ата мазарына зыярат кылууга өттүм. Апам убагында балдарды эмдеген аял болгон. Чоң энем да элге дем салып, балдарды эмдеп, төрөй албай кыйналган аялдарды төрөтчү экен. Түпкү аталарыбыздын бири баатыр болуп, Нылды-Ата суусунун жээгинде жашаптыр. Сыягы мага да тукумдан касиет өткөн окшойт.

Нылды-Ата мазарына күндө эртең менен келип, булактарды, анын ичинде Көз-Булакты тазалап, келгендерге жолугуп, алардын суроолору боюнча ата-бабалардын арбактарына атап Куран окуйм. Булактардын тосулган жерлери бузулуп калса оңдойм. Үйгө ооругандар дем салдырганы келишет. Жазында эл мазарга курмандык чалып, түлөө өткөрүшөт. Көпчүлүк түшүмдүн мол болушун суранышат», - дейт ал.

Аксакалдын айтымында, аталган булак өзгөчө касиетке ээ.

«Мазардын күчүбү, күндө тоого чыгып-түшүүдөн анча чарчабайм деле. Мен эле эмес, мазарга кыйналып баргандар да келе жатканда чарчабай, тың түшүшөт. Бир жолу буту ооруган кемпир мазарга араң басып жеткен эле. Келе жатканда оорусунан дайын жок, чуркап түшкөндөй эле болду. Дагы бир жолу бир аял колун булакка салып эле чалкасынан түштү. Эмне болгонун сурасак, ток урганын айтты. Көрсө ал мазардын касиетине ишенбей барган экен.

Көз-Булакка көбүнчө оорусунан айыгам дегендер барышат. Булактын суусун ичип, жуунуп, үйлөрүнө алып кетишет.

"Суусун ичип, анча-мынча оорулардан айыктым" дегендерди угуп жүрөм. Бул суунун өзгөчө даамынанбы же касиетиненби, айтор кайнатканда канты жок эле 1 чайнек чай ичип койгондор кездешкен. Мазардын касиетине ишенип баргандарга гана эм түшөт. Терс энергиялардан арылып, жеңилдеп кайтышат. Жан дүйнөлөрү тең салмакка келип, уйкусу тынчыйт. Көз-Булакка сыйынганы баргандар алгач Шаркыратманын суусуна жуунуп, тазаланып алышат.

Бир жолу Нылды-Ата биздин доорго чейин жашаган ыйык адам болгон деген маалымат алдым. Чынында эле Нылды-Ата – ыйык жер», - дейт ал.

Ал эми эл оозундагы уламыштарга таянсак, бул аймакка Манас атанын сөөгү жашырылган. Эпостогу кээ бир ыр саптары дал келүүчү тоолор менен аскалар бар дешет. Ошондой эле бул тоолордон адамдын сөлөкөтүн берген окшоштуктарды, мисалы адамдын омурткасы, жүрөгү жана карап турган элестеги көрүнүштөрдү көрүүгө болот, дешет жергиликтүүлөр.

Маалыматтарга ылайык, Көз-Булак мазарына орус медиги Геннадий Малахов, Максим Бакиев жана көптөгөн атактуулар келип кеткен.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×