Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуКара-Буура району 27.04.2016 10:13

Элдик уламыштар: Кара-Буурадагы Тамчы-Булак айылы дарылык касиети бар булактан улам аталган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Тамчы-Булак айылы 2001-жылы негизделген. Айыл Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун жээгинде жайгашкан.

Райондун борбору Кызыл-Адыр айылынан 10 чакырым, Маймак темир жол бекетинен 60 чакырым чыгыш тарапта орун алып, деңиз деңгээлинен 900 метр бийиктикте жайгашкан. Айыл Бакыян айыл аймагына баш ийгендиктен социалдык объектилер ошол айылда жайгашкан. Калкынын саны 660 адамды түзөт.

Айылдын жаралуу тарыхы 1920-жылдарга барып такалат. Ошол жылдан тартып 2000-жылдарга чейин айыл макамын албай келип, кийин гана жетишкен. Калктын көпчүлүк бөлүгү күрд улутунун өкүлдөрү.

Айылдын Тамчы-Булак аталып калуусу айылдын жогору жагында үңкүрчөдөн тамчылап аккан булак менен байланыштуу. Ал булак көп ооруга дары деп эсептелген.

Айылдын эли дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×