Turmush — Манас районунун Кайыңды айылынын тургуну Самат Нуржанов 3 жылдан бери козу карын өстүрүү менен алектенет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын иши менен таанышып кайтты.
Анын айтымында, козу карынды туура өстүрүү технологиясын Токмок шаарында козу карын өстүргөндөрдөн үйрөнүп келген. Ишин баштоо үчүн 400 миң сом насыя алган. Өстүргөн козу карындардын арасындагы вишёнка сорту 6 ай бою түшүм берет. Козу карындар өстүрүлгөн имарат айыл аймактын балансында турат. Ишкерчиликти колдоо максатында аны Нуржановго ижарага беришкен.
Дыйкан козу карын боюнча ишкерлигин өнүктүрүүнү пландап жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.