Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусу 25.05.2016 10:09

Элдик уламыш: Таластын сууга мол Кара-Суу айылы (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Суу айылы 1921-жылы түзүлгөн. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.

«Айылдын аталышы айылдын жогорку жагындагы Кара-Суу суусуна барып такалат. Анткени Кара-Суу суусу айылдын бардык бөлүгүн аралап өтөт. Бул айылда суу көп болгондуктан Кара-Суу айылы деп аталып калган», - дешет айылдыктар.

Айылдын көпчүлүк бөлүгүн суу аралап өткөндүктөн үйлөр текши жайгашкан эмес. Мал кармоого облус боюнча эң ыңгайлуу аймак.

Кара-Суу айылы «Маймак» темир жол станциясынан 65 км алыстыкта жайгашып, 2900гө жакын адам жашайт. Айылдын эли негизинен мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет. Айылда орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, китепкана, мечит, спорттук аянтчалар жана тегирмен бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×