Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуМанас району 25.05.2016 10:53

Элдик уламыштар: Талас дарыясы жайылып аккан аймакка Жайылган айылы негизделген (фото)

Turmush -  Манас районундагы Жайылган айылынын аталышы тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы жергиликтүү аксакалдардан маалымат алды.

Алардын маалыматына караганда, жердин тегиздигинен улам Талас дарыясы бул аймакка келгенде жайылып аккандыктан айылды Жайылган деп аташкан. Айылдын аймагында илгери шаар болгону айтылат.

«Биз кичинекей кезибизде айылдын ортосунда чоң дөбө, анын айланасында майда чуңкурлар бар эле. Баамыбызда алар зыңдан болсо керек. Айылдын атын Асылбай аттуу аксакал атаган дешет. Айылды курчаган чептер да бар болчу. Алардын бары бузулуп, жок болду. Айыл 1900-1902-жылдардын ичинде тоо этектеги жана Жон-Дөбөдөгү журтту көчүрүп келип, отурукташтыруу менен негизделген», - деди аксакалдар.

Айылда 1500гө жакын адам жашап, мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×