Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусу 01.06.2016 09:17

Элдик уламыш: Атактуу ырчы А.Огонбаев туулган Көк-Кашат айылынын аталышы көк чөптөн улам чыккан (фото)

Turmush -  Талас облусундагы Көк-Кашат айылынын аталышы жердин түзүлүшүнө байланыштуу. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын тургуну Жылдыз Абдиева маалымдады.

Анын айтымында, айылдын түштүк бөлүгүндө узунан кеткен жапыс дөңсө бар. Айыл Талас—Тарас—Суусамыр унаа жолунун боюнда жайгашкан. Айылдын аймагында дайыма көк чөп өсүп тургандыктан Көк-Кашат аталып калган.

Айылдагы тарыхчы мугалим Кыялбек Сасыкуловдун айтымында, айылдын эли шайыр мүнөзгө ээ. Атактуу ырчы Атай Огонбаев ушул айылдан чыккан.

«Биздин айыл Көк-Кашат,

Музыка менен сырдашат.

Бири калбай баарысы,

Атайдын ырын ырдашат», - деген ыр саптарын кошумчалады.

Көк-Кашат айылында орто мектеп, мечит, спорт зал бар. Элетте 2 миңден ашык адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×