Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 09.06.2016 09:20

Элдик уламыш: Арыктын четине 40 казык кагылган Кырк-Казык айылы (фото)

Turmush -  Талас районунун Кырк-Казык айылы 1928-жылы негизделген. Аймактык кабарчы жергиликтүүлөрдөн айылдын таржымалын укту.

Алардын маалыматына караганда, илгери бул жерде Быры, Төкө деген туугандар арык казышкан. Кашаттагы арыктын ичине кум толуп, суу аша бергендиктен, ал жерлерге казык кагып, байлап турушкан. Жергиликтүү мурап арыктын четине 40 казык кагылгандыгын санап чыгат. Кийин СССР учурунда айыл Кырк-Казык деп аталып калган.

Айыл райондун борбору болгон Көк-Ой айылынан 26 км, «Маймак» темир жол бекетинен 140 км чыгыш тарапта жайгашкан. Кырк-Казык айылынан Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолу өтөт. Айылда мектеп, бала бакча, мечит, ат майдан, спорттук аянтча, китепкана жана башка коомдук жайлар бар.

Учурда элетте 2200 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×