Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 13.06.2016 11:02

Элдик уламыш: Ак топурактан чеп курулган жерге Ак-Коргон айылы негизделген (фото)

Turmush -  Талас районундагы Осмонкулов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Коргон айылы 1936-жылы негизделген. Аймактык кабарчы айылдын таржымалы жөнүндө маалыматтарды топтоду.

Аксакалдардын билдирүүсүнө караганда, айылдын түштүгүндө Сандык-Тоосу жайгашкан. Анын төмөнкү кырларында ак топурак бар. Айылдын аталышы ак топуракка байланыштуу экендиги айтылат. Экинчи божомолго караганда, айылдын кире беришиндеги көрүстөн мурда чеп болгон. Ал ак топурактан курулгандыктан Ак-Коргон деп аталган экен. Айылдын аты ошондон калган.

Элет Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун боюнда жайгашат. Ак-Коргон бийик тоолуу айыл болуп эсептелинет. Айыл мурдагы Бакай-Таш жылкы заводунун ордунда жайгашкан. Чоң-Кошой суусу айылды экиге бөлүп турат.

Жергиликтүү тургундар мал чарбачылык менен алектенишет. Ак-Коргондо орто мектеп, медпункт жана мечит жайгашкан. Айылда учурда 1 миңге жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×