Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 30.06.2016 09:06

Элдик уламыш: Бакай-Атадагы жалаң кыргыздар гана жашаган Кыргызстан айылынын таржымалы (фото)

Turmush -  Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылы 1929-жылы негизделген. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан айылдын таржымалын укту.

Алардын айтымында, айыл райондун борбору болгон Бакай-Ата айылынан 25 чакырым батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 55 чакырым аралыкта жайгашып, Оро айыл өкмөтүнүн курамында.

Айыл Кыргызстан деп 2000-жылдары атала баштады. Ага чейин Кызыл-Кыргызстан деп аташчу. Себебин бул айылда башка улуттун өкүлдөрү жашабагандыгы менен түшүндүрүшөт.

Экинчи вариантка караганда, Кыргызстанда Бакай-Ата районунун башка айылдарына салыштырмалуу айдоо аянты көп. Дайыма көп аянтка эгин өстүрүлгөндүктөн «кызыл дыйкандар», «кызыл кыргызстандыктар» деп аташчу. Ошол себептен Кызыл-Кыргызстан айылы аталып калышы мүмкүн.

Айылда орто мектеп, мечит, спорт аянтчалары, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, медпункт, маданият үйү, китепкана бар. Айыл эли мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×