Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 30.06.2016 09:34

Элдик уламыш: 1-Май айылынын аталышы Эмгекчилер күнүнүн урматына коюлган (фото)

Turmush -  Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы 1-Май айылы 1928-жылы негизделген. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан айылдын таржымалы тууралуу маалымат алды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдын 1-Май аталышына айылдагы май чыгарган ишкана себеп болгон. Кыргызстан, Кара-Суу айылдарынын эли ушул айылга келип, май алып турганы айтылат. Ошондуктан кийинчерээк айыл 1-Май деп аталып калган деген божомол бар.

Экинчи божомолго караганда, Май айылынын эли эмгекчил болгондуктан 1-Май — эмгекчилердин күнүнө карата аталган калган.

Айыл райондун борбору Бакай-Атадан 25 км, Жамбыл темир жол станциясынан 60 км алыстыкта жайгашкан. Элеттин эли мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет. Айылда орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, ФАП, музей бар.

Кара-Суу айылынын окуучулары дагы 1-Май айылындагы мектепке келип билим алышат. Айылда 2 миңге жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×