Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуБакай-Ата району 22.07.2016 08:46

Элдик уламыш: Түйтө атанын урпактары Таласта Түйтө айылын негиздешкен (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Түйтө айылына эл 1911-1912-жылдары отурукташа баштаган. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан айылдын таржымалын укту.

Алардын айтымында, илгери Касым, Аккалча, Баур, Арзыкул жана Түйтө деген 5 бир тууган болгон. Алар алакчын уруусунан тараган. Кийин 5 бир тууган беш тарапка чачырап, Түйтөдөн тараган урпактар Түйтө айылын негиздешкен.

Айылда орто мектеп, мечит, спорт аянтчалары, бала бакча, медпункт, маданият үйү бар. Айыл эли мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет. Түйтө айылы эгемендүүлүктү алганга чейин Кара-Кашат деп аталган. Азыркы убакта айрым иш кагаздарында Кара-Кашат деп жазылып келет.

Түйтө айылында 200дөн ашык үй-бүлө жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×