Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуБакай-Ата району 28.07.2016 09:41

Элдик уламыш: Атактуу балбандар чыккан Өзгөрүш айылы (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылы 1924-жылы негизделген. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан элеттин таржымалын тактады.

Маалыматка караганда, Кашка-Жол, Коен-Токой, Сары-Куурай, Беш-Булак айылдары бириктирилип, бир айыл болгондон кийин элет Өзгөрүш деп аталган. Өзгөрүш айылында 4 уруунун урпактары жашайт. Муратаалы бий, Кабай бий, Эгемберди датка, Осоке болуш жана дагы көптөгөн тарыхый инсандар Өзгөрүштө жашап өткөн.

Өзгөрүш айылынын дагы бир сыймыгы бул – күрөш. Пекинде өткөн Олимпиадада күмүш медаль уткан балбан Канатбек Бегалиев, быйыл Бразилияда өтө турган Олимпиадада Кыргызстандан бара турган спортчулардын капитаны, Азия чемпиону Арсен Эралиев, ошондой эле Эржан Чоткараев, Азамат Ырысалиев, Азиз Ашымбек уулу сыяктуу мыкты балбандар дал ушул айылда өсүшкөн. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев, Талас облусунун казысы Таалай Бапиев дагы Өзгөрүштөн чыккан.

Айылда 5300гө жакын адам жашайт. Элеттиктер мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет. Айылда 2 орто мектеп, даарыкана, клуб, 3 футболдук аянт, 3 күрөш залы, 4 мечит жана бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×