Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык Ж.Өмүрбеков ысык-суукка карабай жол салып иштейт (фото)

Turmush -  Таластагы №19 жол тейлөө ишканасынын грейдер жана таптагыч айдоочусу Жайнак Өмүрбеков жайы-кышы техниканын рулунда. Аймактык кабарчы жолчу-айдоочудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолчулардын кесиби эң оор жумуштардын бири. 4 жылдан бери жолчу болуп иштейт.

«Кесибим айдоочу болгондуктан көп тармактуу. Башкача айтканда кайсы техникага отур десе ошону менен иштейбиз. Жолчунун кесиби эң оор жумуштардын бири. Кышкысын 30 градус суукта жолдун коопсуздугу үчүн карды тазалап турсак, жайдын ысык аптабында асфальттап чыгабыз. Нөшөрлүү жаан жолго кирбеши үчүн жыл бою жолдун эки жээгин сүрүп, тазалап турабыз. Жол — экономиканын тамыры. Ал жакшы болсо элдин жашоосу жакшырат», - деди ал.

30 жаштагы жолчунун 2 уулу бар. Келинчеги балдарын карап, үй кожойкеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1989
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
19:13,   14.12.2017   ( 33 адам окуп жатат)
×