Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 09.08.2016 10:58

Элдик уламыш: Көк-Ойго айылдаштары кубалаган 2 украин келип жашаган (фото)

Turmush -  Талас районундагы Көк-Ой айылы орус падышачылыгынын учурунан тарта Ивано-Алексеевка деп аталып баштап, кийин 1990-жылдан тарта тарыхый аталышын алган. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардын элеттин таржымалын тактады.

Аксакалдардын айтымында, Көк-Ойдун азыркы тургундары Кокон хандыгы кулаганга чейин Нылды, Ачы, Кемер, Булбул-Жар, Барак, Кең-Кол, Кулан аймактарында жашап келишкен. Орус падышачылыгы Кокон хандыгын басып алгандан кийин Аул-Ата уездинин курамындагы Талас өрөөнүндө Бакайыр, Күркүрөө, Кара-Буура, Үч-Коргон, Боо-Терек, Беш-Таш, Кең-Кол, Каракол болуштуктары түзүлгөн. Болуштуктарга орус, украин, немис улутундагы адамдар көчүрүлүп келе баштаган. Алар өздөрүнүн Солдатское, Грозное, Богословка, Покровка, Александровка, Ключевка, Водное, Дмитриевка, Орловка, Николайполь, Пик, Иоханнесдорф сыяктуу айылдарын негиздей баштаган.

Дмитриевка айылында (азыркы Талас шаары) орус жана украин улутундагылар жашаган. Алар айрым учурда өз ара чатакташып турушкан. Кезектеги чатакташуудан кйиин алар өздөрүнүн айылынан Иван жана Алексей аттуу 2 украинди жаман жүрүм-турумдары үчүн кубалап жиберишет. Кубаланган бир туугандар Талас токоюнун түндүк жагына барып, жергиликтүү тургундар менен жашай башташат. Бара-бара ал жер Иван менен Алексейдин айылы деп атала баштайт.

1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин айылдын тарыхый Көк-Ой аталышы унутулуп, Ивано-Алексеевка деп атала баштайт.

Кийин 1990-жылдын 21-сентябрында Ивано-Алексеевка айылдык кеңешинин чечими менен элет кайрадан Көк-Ой деп атала баштаган.

Элеттен генерал бир тууган Субановдор, ырчылар Султан Садыралиев, Кайрат Примбердиев, белгилүү бильярдчы Изат Ратбеков чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×