Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 22.09.2016 13:34

Таласта «Өз кан басымыңды бил» акциясы башталды

Turmush -  Бүгүн, 22-сентябрда Талас шаарында «Өз кан басымыңды бил» акциясы башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына медайым Ширин Абылаева маалымдады.

Маалыматка караганда, акция акысыз өтүп, 25-сентябрга чейин уланат. Иш-чаранын негизги максаты — ооруларды алдын алуу.

Текшерилгендердин көпчүлүгүнүн кан басымынын ченеми жакшы деп чыкса, арасынан кан басымы жогорулап же төмөн түшүп кеткендер да кездешти. Алар атайын тизмеге алынып, дарылануу сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×