Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык К.Мураталиев 2 киши көтөрө алгыс ашкабактын уругун Америкадан алып келип өстүрүп жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 75 жаштагы тургуну Кенжебек Мураталиев Америкадан алып келген ашкабактын сортун өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы дыйкан менен маектешти.

Анын айтымында, ашкабактын сортун 2 жыл мурда Америкадан алып келип, кошуналарына, туугандарына да тараткан. АКШда жашаган кызына конокко барып, ашкабак фестивалына күбө болгон. Ошол жерден 2 адам көтөрө алгыс ашкабакты көрүп, уругун атайын Таласка алып келген.

«Ашкабак биздин климаттык шартка ыңгайлашып өсүп кетти. Коңшулар ашкабакка «Рамис» деген ысым ыйгарышкан. Бул ашкабактардын бири эле 30 кг жогору. Талас шаарындагы базарларга сатыкка чыгат. Эми картошка менен гүлдүн уруктарын алып келем деген пландарым бар», - деди дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7979
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×